БАЛДАРГА КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮНҮН КЭЭ БИР АСПЕКТИЛЕРИ
Маанилүүлүк. Балдардын укук жана эркиндкитерин коргоо жаатындагы учурдагы юридикалык практика жана теория коомдук мамилелердин татаалдашуусу менен коштолгон жагдайларда аларды жөнгө, салуу коргоо камсыз кылуу сыяктуу суроолор алдыга сүрүлөт. Балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча бир канча илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгүнө карабастан учурда кээ бир апсектилер боюнча терең изилдөө зарылчылыгы келип чыкты. Юридикалык аспекте, айрыкча кылмыш укуктук процессуалдык аспектилер боюнча изилдөөлөрдү алып баруу учурдун актуалдуу суроолорун жаратат. Макаланын максаты учурдагы Кыргызстандын шарттарындагы балдарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн кылмыш-жаза процессиндеги тенденцияларын, мүнөздөмөсүн ачып берүү саналат. Учурдагы укуктук реформалардын квалификациялуу юридикалык жардам алганга тийгизген таасири, процессуалдык укуктарын коргоону ишке ашыруу камсыз кылууну жөнгө салуу маселелерин жалпылаштырат.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 2(5), С. 189-195
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8661
- Издатель
- Osh State University