ЖАРАНДЫК ПРОЦЕССТЕРДЕГИ СОТТУК ДАЛИЛДЕРДИН МАҢЫЗЫ
Маанилүүлүк Макалада далилдөө процесси жана анын этаптары, далилдерди чогултуу жана далилдерди изилдөө ыкмалары баяндалат. Коомчулукта, соттук өндүрүштѳ соттук далилдөөнүн мааниси жогору болуп, укук илиминде дайыма актуалдуулукту жаратып келет. Далилдөө процессине байланыштуу далилдерди чогултуу жана чечмелөө көйгөйлөрү соттук талаш-тартыштарда өзгөчө мааниге ээ, анткени алар талаш-тартышты соттук кароонун жыйынтыгын аныктоочу далил каражаты болуп саналат. Далилдөөнүн максаты жарандык ишти карап чечүү боюнча мааниси бар фактылык жагдайларды аныктоо болуп саналат. Илимий ишти изилдѳѳдѳ ата мекендик жана чет элдик илимий адабияттардын мисалында соттук далилдердин орду, андагы проблемалар талданат. Изилдөөнүн методологиялык негизин салыштырмалуулук, системалык методу менен илимий объективдүүлүк, тарыхый, социалдык жана башка принциптер түзѳт. Илимий иштин жыйынтыгы: жарандык процесстеги далилдөө - ишти чечүүгө мааниси болгон фактыларды чындыкка байланыштуу аныктоого багытталган, тараптар менен ишке катышуучу дагы башка жактардын иш аракеттери. Бул аракеттер тараптардын жана ишке катышуучу башка жактардын сотко өздөрүнүн далилдерин келтирүүдөн, сотто түшүнүк берүүдөн, талаштагы фактылар жөнүндөгү далилдерди изилдөөдөн, жана башка аракеттерден турат. Философиянын, укуктун жана соттук практиканын көз карашынан алганда, далилдердин жардамы менен чындыкка жетишүү соттук далилдөөнүн максаты болуп саналат. Ѳлкөнүн илимпоздорунун алдында сот ишмердүүлүгү менен тараптардын атаандаштык жүрүм-турумун гармониялуу айкалыштыруу зарылчылыгы менен байланышкан азыркы жарандык процесстик мыйзамдардын негизги жана карама-каршылыктарын чечүү үчүн чындыктын концепциясын комплекстүү иштеп чыгуу милдети турат.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 2(5), С. 174-183
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8661
- Издатель
- Osh State University