НИКЕ КЕЛИШИМИНИН УКУКТУК АСПЕКТИЛЕРИ
Маанилүүлүк. Бул макалада Кыргыз Республикасынын мурда колдонуудагы нике-үйбүлө мыйзамдары боюнча жубайлардын мүлктүк мамилелери мыйзам менен гана жөнгө салынган, жубайлардын башка макулдашуулары мыйзамдарда орун алган эмес. Жубайлардын мүлкүнүн келишимдик режими институту КР үй-бүлө укугунун жаңы институту болуп саналат. Ал жубайларга нике келишиминде өздөрүнүн мүлктүк мамилелеринин (укуктарынын жана милдеттеринин) мазмунун өз алдынча аныктоого укук берет. "Нике келишими" түшүнүгү Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында салыштырмалуу жакында эле пайда болгон. 30-август 2003 - жылы Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодекси күчүнө кирген. Анын курамына кирген "жубайлардын мүлкүнүн келишимдик режими" 9-главасы нике келишими жөнүндө түшүнүк берет жана аны түзүүнүн жана бузуунун шарттарын аныктайт, ошондой эле ушул келишим менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелердин тизмесин берет.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 2(5), С. 146-154
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-8661
- Издатель
- Osh State University