КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЧАРАЛАРЫ МАМЛЕКЕТТИН ЭКОНОМИКАСЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Маанилүүлүк. Макалада Кыргыз Республикасынын экономикасына бажылык жөнгө салу чаралары тийгизген таасири боюнча маселелер карлган. Бажылык чаралардын түшүнүгү талдалып, ар түрдүү көз караштагы ойлор жазылды. Адабияттардан, ченемдик укуктук актылардан жана интернет булактарынан алынган маалыматтарга талдоонун негизинде бажы чаралардын түшүнүгүнө аныктама берүүгө аракет жасалган. Бажылык чаралар менен милдеттердин окшоштугу жана айырмачылыгы изилденген. Бажылык чаралардын аткарылышы милдет жана укуктук мажбурлоо сыяктуу юридикалык каражаттар менен камсыздалгандыгы айтылган. Бажы саясатынын эки негизги түрү бар: ички рынокту коргоону камтыган протекционизм жана эркин соода саясатын билдирет деген авторлордун ойлору колдоого алынган. Бажылык чаралардын ар түрдүү критерийлердин негизинде түрлөргө бөлүнүшү каралган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бажы органдарынын конкреттүү укуктук чектөөлөрү көрсөтүлгөн.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 2(5), С. 98-103
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8661
- Издатель
- Osh State University