ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛОО МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫН УКУКТУК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Маанилүүлүк.Макалада балдарды тарбиялоого байланыштуу талаш-тартыштардын укуктук өзгөчөлүктөрү белгиленген. Авторлор белгилегендей, эреже катары- бул талаш-тартыштар башаламан, карама-каршылыктуу жана бардык көз караштардан кыйын. Эгерде үй-бүлө балага болгон өз милдеттерин б.а. тарбиялоо, өстүрүү, сүйлөшүү, байланыш, билим берүү, функцияларын аткара албаса анда балдар менен ата-эненин ортосунда көйгөйлөр, түшүнбөстүктөр, талаш-тартыштар пайда болот. Анткени бала узак убакытка кам көрүүгө муктаж, бул адатта үй-бүлөдө жана эң негизгиси ата-энелер тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Үй бүлөдө бала өнүгөт, үйрөтүлөт, билимдүү жана көзкарандысыз жашоого даярдануусу керек. Үй бүлөдө анын инсандыгы түзүлөт. үй- бүлө баланын табигый чөйрөсү катары мүнөздөлөт. Балдар үчүн өзгөчө баалуулук-бул үй бүлө мүчөлөрү менен болгон мамилелер жана эң негизгиси, ата-энелер менен болгон мамилелер, алардын индивидуалдуулугу, сүйүү жана камкордуктун молдугу.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 2(5), С. 74-78
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8661
- Издатель
- Osh State University