КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК БУЗУУЛАР ҮЧҮН ЮРИДИКАЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК
Макалада жарандар тарабынан укук бузуу жана ага болгон юридикалык жоопкерчиликтер үчүн укуктук шарттар, өзгөчөлүктөр жана принциптик жоопкерчилик талкууланат, айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын аныктамаларынын жана себептеринин ар кандай түрлөрүн мүнөздөө көрсөтүлөт. Милиция кызматкерлеринин башка мамлекеттик органдар менен айрыкча прокуратура менен кызматташуусунун зарылдыгы экологиялык кылмыштарга жооптуу адамдар гана эмес, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн толук компенсация төлөнүшүн камсыз кылуу максатында негиздүү. Авторлор айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамын бузгандыгы үчүн укуктук жоопкерчилик жаатындагы учурдагы мыйзамдарды талдап, укуктук айлана-чөйрөнү коргоо тутумундагы укук коргоо органдарынын ролун жана ордун изилдеп, мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар берилген. Анда мамлекеттик кызматкерлер жана жарандар экологиялык укук бузуулар үчүн тартиптик, материалдык, административдик, жарандык же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, ал эми ишканалар, мекемелер, уюмдар аталган мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык административдик жана жарандык жоопкерчиликке тартылышы каралган.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(4), С. 39-43
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8661
- Издатель
- Osh State University