Central AsianResearch Index

ЖЕР УЧАСТОКТОРУ МЕНЕН БҮТҮМДӨР ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ

Макалада Кыргыз Республикасынын жер участоктору менен бүтүмдөр жөнүндө мыйзамдарынын калыптануу процесси жана өнүгүү этаптары каралат. Жер участоктору менен болгон бүтүмдөрдүн ченемдик укуктук негиздерин түзүү жана өнүктүрүү процессин талдоо менен бир нече этаптарды шарттуу түрдө бөлүп көрсөтүүгө болот: биринчи (1990 – 1998 – ж.октябры экинчи (1998 – ж. октябры-2001-ж. үчүнчү этап (2001-ж. - азыркы учур). Атап айтканда, иште жер рыногун андан ары натыйжалуу өнүктүрүү бир нече шарттарды сактоо менен гана мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн: жер мыйзамдарын өркүндөтүү, жерди чарбалык пайдалануунун формаларын оптималдаштыруу, жер участокторунун бардык ээлери жана жерди пайдалануучулар үчүн жер участокторун көбөйтүү жана айыл чарба жерлеринин асылдуулугун ырааттуу жогорулатуунун негизинде жер үстүндө чарба жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу бирдей шарттарды түзүү.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 1 (2), С. 31-36
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8661
Издатель
Osh State University