Central AsianResearch Index

БОРБОРДУК АЗИЯНЫН УЛУТТУК-МАМЛЕКЕТТИК ДЕЛИМИТАЦИЯСЫНЫН УКУКТУК ӨБӨЛГӨЛӨРҮ.

Теманын актуалдуулугу учурдагы Кыргыз Республикасынын чек ара маселесиндеги көйгөйлөрдун негизинен чечилип бүткөндүгү менен айрым мамлекеттер менен куралдуу жаңжалдарга чейин алып келген чечилбеген маселелер ачык бойдон тургандыгында. Анын себептерин изилдөө үчүн тарыхка сарасеп салып көрөлү. Бүгүнкү күндө эл аралык мамилелер системасында мамлекеттин ролу боюнча көптөгөн салттуу көз караштар өзгөрүүдө. Бирок, ааламдашуунун азыркы этабында да чек аралар мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнүн бузулбастыгынын негиздеринин бири бойдон калууда, башкача айтканда, анын жашоосунун ажырагыс шарты болуп саналат. Аймактык пикир келишпестиктер, адатта, мамлекеттердин белгилүү бир аймакка (же анын бир бөлүгүнө) таандык экендиги боюнча позицияларындагы айырмачылыктардан улам келип чыгат.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 1, С. 24-31
Язык
Кыргызский
Цитирований
1
ISSN
1694-8661
Издатель
Osh State University