Central AsianResearch Index

ЖОГОРКУ ТАРТИПТЕГИ АЙРЫМ ТУУНДУЛУУ ИНТЕГРО-ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕНДЕМЕЛЕРДИН БАШТАПКЫ МАСЕЛЕСИНИН ЧЫГАРЫМДУУЛУГУ ЖАНА ЧЫГАРЫЛЫШЫНЫН СТРУКТУРАСЫ

Сызыктуу эмес айрым туундулуу интегро-дифференциалдык теӊдеменин баштапкы маселесини чыгарымдуулугунун актуалдуулугу мурдагыдай эле көйгөйлүүлүгүн жогото элек. Чыгарылыштарды өзгөртүп түзүү‑ изнилдөө ыкмалардын бири болуп саналат. Бул ыкманын жардамында сызыктуу эмес Вольтерра интегралдык теӊдемесине, баштапкы маселе өзгөртүп түзүлөт жана ал алгачкы маселеге эквиваленттүү болот. Алынган теӊдемеге топологиялык ыкма колдонулат. Төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу интегро-дифференциалдык тендемелер үчүн Коши маселесинин чыгарылышы изилденген жана чыгарылышы интегралдык көрүнүштө табылган. Алгачкы маселени изилдөө үчүн атайын нормалдуу мейкиндик тандалып алынган. Интеграл белгиси астындагы параметр боюнча дифференцирлөө, интегралдын предели параметрден көз каранды болгону учур үчүн да колдонулган. Сызыктуу эмес экинчи түрдөгү Вольтерра интегралдык теӊдемеси жалгыз чыгарылышка ээ болгон шарт аныкталып, интегралдык көрүнүшүндө алынган.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 2(5), С. 96-101
Язык
Русский
ISSN
1694-8645
Издатель
Osh State University