Central AsianResearch Index

СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕНИН ЧЕЧИМИНИН ТУРУКТУУЛУГУНУН УЗАРТЫЛЫШЫ

Жумушта сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдеменин чечиминин изилдөө жараяны каралган. Чечимди изилдөөдө каралуучу аймакты мүмкүн болушунча жетишээрлик чоң кылып алуу максатка ылайыктуу болуп саналат. Баштапкы чекит туруктуу аралыктан тандалып алынган. Кичине козголууга ээ болгон мүчө теңдемеде кездешпейт. Туруктуулуктун узартылышынын чектелиши комплекстүү аймакка көчкөндөн кийинки деңгээл сызыктардын жайгашуу абалдарынан көз каранды болот. Мына ошол себептүү сызыктуу эмес дифференциалдык теңдеме каралып, чечим чыныгы сандар талаасында изилденген. Изилдөө конкреттүү тандалып алынган функцияга негизделип жүргүзүлүп, теорема далилденген. Чечим изилденүүчү аралык туруктуулук шарты алмашкан учурду камтыйт.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 1(4), С. 24-28
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8645
Издатель
Osh State University