ҮЧҮНЧҮ ТАРТИПТЕГИ ЖЕКЕЧЕ ТУУНДУЛУУ ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕЛЕРДИН БИР КЛАССЫ ҮЧҮН ТЕСКЕРИ МАСЕЛЕНИН ЧЕЧИЛИШИ
Макалада тик бурчтуу аймакта үчүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык тендеме үчүн биринчи түрдөгү чектик маселенин оң жагын аныктоо тескери маселеси изилденди. Изилденип жаткан тик бурчтун ички чекиттерде кошумча шарттар берилген. Тескери маселедеги бардык функциялар үзгүлтүксүз жана талап кылынган даражада жылма функциялар. Тескери маселени чыгарууда алгач белгилөө кийирип үчүнчү тартиптеги дифференциалдык теңдеме экинчи тартиптеги дифференциалдык теңдемеге алып келинет, андан соң Гриндин функциясынын жардамында чек аралык маселенин чыгарылыш жазылат, аягында Крамердин эрежесин колдонуп белгисиз функциялар табылды. Натыйжада үчүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелердин бир классы үчүн тескери маселенин чечилиши далилденди.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 1(4), С. 147-150
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-8645
- Издатель
- Osh State University