Central AsianResearch Index

ФУНКЦИОНАЛДЫК ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШТАР, ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕЛЕР ЖАНА БАШКАРЫЛУУЧУ ОБЪЕКТТЕР ҮЧҮН АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ

Макалада кандайдыр бир көптүктөгү объекттин чекиттеринин ортосундагы өз ара байланыш, анын ичинде функциянын маанилеринин, дифференциалдык теңдеменин чечимдеринин ортосундагы өз ара байланыш каралат. Алардын классификациясы сунушталат: чексиз жана чектүү сандагы чоңдуктар ортосундагы өз ара байланыштар; толук аныкталган жана жарым-жартылай аныкталган маанилердин ортосундагы өз ара байланыштар. Функционалдык өз ара байланыштардын үстүнөн болгон амалдар каралат. Геометриялык объектилердин, кыймылдуу геометриялык объекттердин, кадимки дифференциалдык теңдемелердин жана жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелердин функционалдык өз ара байланыштарынын мисалдары келтирилген. Мындай байланыштардын кээ бир дифференциалдык теңдемелерди изилдөө үчүн, компьютерде колдонуучунун жардамы менен башкарылуучу объекттердеги тилдик түшүнүктөрдүн сүрөттөлүштөрү үчүн колдонулушу көрсөтүлгөн.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 1(4), С. 110-114
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8645
Издатель
Osh State University