ЕВКЛИДДИК МЕЙКИНДИГИНДЕ БӨЛҮКТӨП ЧАГЫЛТУУСУНУН КВАЗИКОШМОК СЫЗЫКТАРЫНЫН ЖАШАШЫ ЖӨНҮНДӨ
Изилдөөнүн предмети катары беш ченемдүү евклиддик мейкиндикти бөлүктөп чагылтуу маселеси каралат. Изилдөөнүн максаты болуп мейкиндигин бөлүктөп чагылтуунун квазикошмок сызыктарынын жашашынын зарыл жана жетиштүү шарттарын табуу эсептелинет. Изилдөөлөрдө: Картандын сырткы формалар жана кыймылдуу репер методдору колдонулду. Бул жумушта евклиддик алты ченемдүү мейкиндикти бөлүктөп чагылтууга тиешелүү маселе каралган. аймагында ушундай жылма сызыктардын көптүгү берилген: ар бир чекити аркылуу берилген көптүктүн бирден гана сызыгы өтөт. Ушул сызык үчүн Френенин репери боло тургандай кыймылдуу репер тандалып алынган. Бул репердин координаталык векторлорунун интегралдык сызыктары Френенин торчосун түзүшөт. Ушул торчонун сызыгынын жанымасында чекити инварианттык түрдө аныкталат. чекити аймагында кыймылга келгенде чекити өзүнүн аймагын сызып чыгат. Натыйжада болгондой бөлүктөп чагылтуусу аныкталат. Төрт ченемдүү бөлүштүрүүлөргө таандык болушкан сызыктардын бөлүктөп чагылтуусунун квазикошмок сызыктар болушунун зарыл жана жетиштүү шарттары изилденген Изилдөөнүн жыйынтыгында төрт ченемдүү бөлүштүрүүлөргө таандык болушкан сызыктардын каралып жаткан бөлүктөп чагылтуусу үчүн квазикошмок сызыктар болушунун зарыл жана жетиштүү шарттары табылган.Төрт ченемдүү бөлүштүрүүлөргө таандык болушкан сызыктардын бөлүктөп чагылтуусунун квазикошмок сызыктары болушунун зарыл жана жетиштүү шарттарын изилдөө макалада алгачкы ирет изилденип жаткандыктан, алынган жыйынтыктар жаңы болуп эсептелинери көрсөтүлгөн. Алынган жыйынтыктар дифференцирленүүчү чагылтуулар теориясында колдонуу үчүн сунушталат.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1 (2), С. 141-152
- Язык
- Кыргызский
- Цитирований
- 2
- ISSN
- 1694-8645
- Издатель
- Osh State University