Central AsianResearch Index

СЫЗЫКТУУ ЭМЕС СИНГУЛЯРДУУ КОЗГОЛГОН МАСЕЛЕНИ ЧЕЧҮҮНҮН КЭЭ БИР ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Жумушта чыныгы сан огунда сингулярдык козголууга ээ болгон маселенин чечими дал келүүчү козголбогон маселенин чечимине умтулуусу көрсөтүлөт. Чечимди чыныгы окто баалоо мүмкүнчүлүгү сызыктуу эмес маселенин эсебинен келип чыгат. Туруктуу аралыктарды аныктоочу функциянын табиятына жараша сингулярдык козголгон сызыктуу эмес дифференциалдык теңдеменин чечими изилденүүчү аралыктар өзгөрөт. Ал жерде туруктуулук шартынын узартылышын мүнөздөөчү аралык жана эки жактуу туруктуу аралыктар пайда болот. Ошону менен бирге баштапкы чекитти тандоо менен сызыктуу эмес сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимин изилдөөчү туруктуу аралыктар жоюлуп кеткен учурда кездешет.

Сведения

Опубликовано
2022 · № 1, С. 4-7
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-8645
Издатель
Osh State University