СВЕТТИК МАМЛЕКЕТТЕ ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
Батышта модернизация доору башталгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин светтик түшүнүгү илимий жана коомдук талкуулардын негизги темаларынын бири болуп келет. Бул принцип заманбап мамлекеттердин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болгону менен, аны түшүндүрүүдө бирдиктүү көз караш калыптана элек. Светтиктик ар кандай теориялык жана дүйнө таанымдык өңүттөн, анын ичинде диний көз караштардын негизинде да чечмеленгендиктен, анын мазмунуна карата ар түрдүү түшүнүктөр орун алган. Илимий адабияттарда светтиктик түшүнүгү негизинен секуляризм жана лаицизм концепциялары менен байланыштырылат. Кыргыз Республикасында 2010-жылдагы конституциялык реформа учурунда «светтик» жана «светтиктик» түшүнүктөрүнө кыргыз тилинде так эквивалент табылган эмес. Ушуга байланыштуу Конституцияда мамлекеттин светтик мүнөзү диндин мамлекеттик башкарууга кийлигишпөөсү аркылуу түшүндүрүлгөн. Светтиктик түшүнүгүн ар кандай чечмелөө Кыргыз Республикасында диний билим берүү маселелеринин көп жылдан бери коомдук талкуунун өзөгүндө турушуна себеп болуп келет. Эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып мамлекет диний билим берүү менен светтик билим берүүнүн өз ара катышынын оптималдуу моделин издеп келет. Жалпы билим берүүчү мектептерде диний маалыматтын кандай формада жана мазмунда окутулушу керек деген маселе бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. Бул багытта ар кандай эксперименттик долбоорлор ишке ашырылып, учурда мектеп программасына «Диндердин өнүгүү тарыхы» аттуу окуу предмети киргизилген. Бирок бул предмет боюнча да адистердин жана коомчулуктун арасында ар түрдүү пикирлер айтылууда. Бул изилдөөдө Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде диний билим жана диний маалымат берүү маселелерине карата коомдук көз караштар социологиялык сурамжылоонун жыйынтыктарынын негизинде талдоого алынат.
Сведения
- Опубликовано
- 2026 · № 3, С. 106-115
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University