ОШ ОБЛУСУНДАГЫ 35 ЖАШТАН ЖОГОРКУ КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДЫН ТӨРӨТ СТРУКТУРАСЫНА ЖАШЫНЫН ТААСИРИ
Макалада 35 жаштан жогорку аялдардын төрөт жана кош бойлуулук өзгөчөлүктөрү изилденип, алардын төрөттүн түзүлүшүнө жана кош бойлуулуктун жүрүшүнө тийгизген таасири каралган. Изилдөө Ош облустар аралык клиникалык ооруканасындагы төрөт үйүндө 2011–2015-жылдар аралыгында жүргүзүлүп, төрөттүн физиологиялык жана патологиялык аспектилери, төрөттүн ыкмалары, акушердик жана экстрагениталдык татаалдашуулар, ошондой эле кош бойлуулукка байланыштуу социалдык жана медициналык факторлор анализденген. Аталган топтогу аялдарда төрөттүн кечеңдеши, жатындын алсыздыгы, амниотикалык кабыкчалардын эрте жарылышы, преэклампсия жана анемия сыяктуу көйгөйлөр көп кездешээри аныкталган. Ошондой эле кесарево операциясынын саны салыштырмалуу жогору болуп, төрөттүн ийгиликтүү жүрүшү үчүн медициналык көзөмөлдүн зарылдыгы белгиленет. Авторлор коопсуз жана ийгиликтүү төрөт үчүн репродуктивдик жаштан ашкан аялдардын пландоонун маанилүүлүгүн баса белгилешет.
Сведения
- Опубликовано
- 2026 · № 3, С. 9-20
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University