МИГРАЦИЯ ШАРТЫНДАГЫ ЛИРИКАЛЫК ДҮЙНӨ: НУРИЗА ӨМҮРБАЕВАНЫН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ КӨРКӨМ ИЗДЕНҮҮЛӨРҮ
Ар бир акын өзүнүн турмуштук позициясын, басып өткөн жолун, көркөм фантазиясын жана чыгармачылык табылгаларын поэтикалык ыкмалар аркылуу туюнтат. Бүгүнкү күндө кыргыз мигрант акындарынын поэзиясында мекенге, эл-журтка жана үй-бүлөгө болгон сагыныч, бөтөн чөйрөдөгү жалгыздык менен кусалык сыяктуу мотивдер кеңири чагылдырылууда. Аталган лирикада психологизм, аналитикалуулук, сентименталдуулук жана өзгөчө аялдар поэзиясына мүнөздүү болгон медитативдүүлүк сыяктуу көркөм-эстетикалык категориялар өзгөчө орунду ээлейт. Макалада бул сыяктуу көркөм өзгөчөлүктөр акын Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгынын мисалында илимий талдоого алынат.
Сведения
- Опубликовано
- 2026 · № 3, С. 228-243
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University