Central AsianResearch Index

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ИШКАНАЛАРДЫН КАРЖЫЛЫК РЕСУРСТАРЫН САНАРИПТИК-ПРОГНОЗДУК МОДЕЛДЕРДИН ЖАРДАМЫНДА ОПТИМАЛДАШТЫРУУ

Бул макалада Кыргызстандын кайра иштетүү тармагындагы ишканалардын каржылык ресурстарын башкарууну санариптик прогноздук моделдердин жардамы менен оптималдаштыруу маселеси иликтенет. Изилдөөнүн негизги максаты – ишканалардын каржылык туруктуулугун жогорулатуу жана ресурстарды рационалдуу пайдалануу үчүн статистикалык, эконометрикалык жана машиналык үйрөнүү ыкмаларына негизделген моделдерди иштеп чыгуу. Иште ARIMA, SARIMA, регрессиялык, ARIMAX жана оптималдаштыруу (Linear Programming) моделдери колдонулуп, “Бишкек Сүт” ишканасынын мисалында практикалык божомолдор жүргүзүлдү. Натыйжада, моделдердин прогноздук тактыгы жогору экени жана алар ишкананын каржылык агымдарын башкарууда колдонууга жарактуу экендиги аныкталды. Изилдөөнүн илимий жаңылыгы – санариптик прогноздук моделдерди Кыргызстандын кайра иштетүү секторунун шарттарына адаптациялоо жана каржылык ресурстарды оптималдаштыруу боюнча алгоритм сунушталуусунда. Жыйынтыгында, кайра иштетүү тармагында каржылык ресурстарды оптималдаштырууда санариптик прогноздук моделдерди колдонуунун натыйжалуу жолдору сунушталды.

Сведения

Опубликовано
2026 · № 3, С. 211-227
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University