ИННОВАЦИЯНЫН ЭКСПОРТКО ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ: БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР БОЮНЧА ЭМПИРИКАЛЫК АНАЛИЗ
Бул макалада фирма деңгээлиндеги инновация Борбор Азиядагы чакан жана орто ишканалардын экспорттоо ыктымалдыгын жогорулатуусу изилденет. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды камтыган Дүйнөлүк Банктын ишканаларды изилдөө (World Bank Enterprise Survey) беримдеринин негизинде логит моделдер бааланып, орточо маржиналдык эффекттер көрсөтүлдү. Жыйынтыктар продукция өндүрүү жана кызмат көрсөтүүдө, процесстерде жана илимий-изилдөө (R&D) инновацияларды ишке ашырган орто жана чакан ишканалардын экспортко катышуу ыктымалдыгы катары менен салыштырмалуу 1,7; 1,8 жана 3,6 пайыздык пунктка жогору болгондугун көрсөттү. Ошондой эле чет өлкөлүк капитал, финансылык жеткиликтүүлүк, фирманын көлөмү жана санариптик катышуу да экспорттоо ыктымалдыгын жогорулата тургандагын көрсөткөн. Сектордук айырмачылыктар тамак-аш өндүрүшү секторундагы фирмалар кызмат көрсөтүү жана соода секторлоруна караганда экспортко көбүрөөк багытталгандыгын көрсөтөт. Убакыт факторлору 2019-жылдан кийин экспорттук активдүүлүктүн өсүшүн көрсөткөн. Натыйжалар өткөөл экономикаларда чакан жана орто бизнестин экспортко катышуусуна инновациялык мүмкүнчүлүктөр жана финансылык жеткиликтүүлүк маанилүү таасир тийгизгендигин көрсөткөн. аймактагы экспорттук ишмердүүлүктү колдоо үчүн R&D колдоону, санариптик адаптацияны жана орто жана чакан ишканалардын кредитке жеткиликтүүлүгүн жогорулатуучу чаралар сунушталат.
Сведения
- Опубликовано
- 2026 · № 3, С. 199-210
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University