САНАРИПТИК ЭКОНОМИКА ШАРТЫНДА ЗАМАНБАП МЕНЕДЖМЕНТТИН ӨНҮГҮҮ ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ
Маанилүүлүк. Макалада санариптик экономика шартында заманбап менеджменттин өнүгүү тенденциялары, анын өзгөчөлүктөрү жана трансформациялануу процесстери изилденет. Изилдөөнүн актуалдуулугу санариптик технологиялардын тездик менен өнүгүшү жана уюмдарды башкаруунун салттуу ыкмаларын өзгөртүү зарылчылыгы менен аныкталат. Изилдөөнүн негизги көйгөйү – санариптик экономика шартында менеджмент системасында пайда болгон көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун негиздөө болуп саналат. Макаланын максаты заманбап менеджменттин өнүгүү багыттарын талдоо жана санариптик технологиялардын башкаруу ишмердүүлүгүнө тийгизген таасирин баалоо болуп эсептелет. Изилдөөдө талдоо, салыштыруу, жалпылоо жана системалуу мамиле ыкмалары колдонулду. Изилдөөнүн жыйынтыгында санариптик технологияларды колдонуу башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, чечим кабыл алуу процессин өркүндөтөрү, бирок маалыматтык коопсуздук, кадрдык камсыздоо жана технологиялык көз карандылык сыяктуу көйгөйлөрдү жаратаары аныкталды. Аларды чечүү үчүн санариптик компетенцияларды өнүктүрүү жана инновациялык башкаруу механизмдерин өркүндөтүү зарыл экендиги негизделди.
Сведения
- Опубликовано
- 2026 · № 2, С. 400-413
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University