БЕРИЛГЕН КЕСИНДИДЕ ВАЛЛЕ–ПУССЕН МАСЕЛЕСИНИН ЧЕЧИМИНИН АСИМПТОТИКАЛЫК АЖЫРАТЫЛЫШЫ
Маанилүүлүк. Макалада сингулярдык козголгон бир тектүү эмес дифференциалдык n теңдемелер системасы изилденди. Мындай типтеги теңдемелер системасы азыркы учурда эң маанилүү маселелерден бири болуп, көбүнчө оптималдуу башкаруу маселелеринде, суюктуктардын механикасында жана электродинамикада татаал процесстерди моделдөө үчүн колдонулуп келет. Бул системалардын ичинен актуалдуу мисал катары Валле-Пуссендин маселесине изилдөө жүргүзүлдү. Каралып жаткан маселеленин өзгөчөлүгү туунду алдындагы параметрдин болушу жана системанын сызыктуу бөлүгүнүн коэффициенти болгон матрицанын спектри каралып жаткан кесиндинин үч чекитинде туруксуз. Биздин максат ушул өзгөчө үч чекиттин таасирин изилдөө. Белгилүү шарттардын негизинде маселенин чыгарылышы бир калыптагы асимптотикалык ажыралмасы К.Алымкуловдун жалпыланган чектик функциялар методунун жардамында тургузулду. Маселенин чыгарылышынын асимптотикалык ажыралмасы тургузулган жана анын калдык мүчөсү бааланган. Макалада Валле-Пуссен маселеси системадагы дифференциалдык теңдемелердин саны төрт болгон учур үчүн изилденип, системадагы дифференциалдык теңдемелер саны n болгон учур үчүн жалпылоо иретинде алынган жыйынтыктар чагылдырылды.
Сведения
- Опубликовано
- 2026 · № 2, С. 297-311
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University