Central AsianResearch Index

КАРАХАНИДДЕР ДООРУНДА ОРТО АЗИЯДА КООМДУК ЖАНА ДИНИЙ ЖАШОО

Бул илимий эмгекте Караханиддер мамлекети доорунда (840–1212-жж.) Орто Азиядагы коомдук жана диний жашоо ар тараптуу талданат. Изилдөөдө ислам дининин аймакка жайылуу процесси, анын ичинде Умаййаддар жана Аббасийлер доорлорунун таасири каралып, Караханиддер мезгилинде исламдын калктын калың катмарына кеңири тарагандыгы көрсөтүлөт. Ошондой эле намаз, жума жана айт намаздары, орозо, зекет, ажылык жана курмандык сыяктуу негизги ибадаттардын коомдогу орду жана аткарылыш деңгээли тарыхый булактар, географтардын эмгектери жана оозеки адабияттардын негизинде изилденет. Мындан тышкары, Орто Азиядагы соода-экономикалык жашоо, Улуу Жибек Жолунун ролу жана диний баалуулуктардын коомдук түзүлүшкө тийгизген таасири да каралат. Изилдөөнүн жыйынтыгында Караханиддер доорунда ислам дини коомдун руханий жана социалдык турмушунда негизги орунду ээлеп, элдин күнүмдүк жашоосуна терең сиңгендиги аныкталат.

Сведения

Опубликовано
2026 · № 1, С. 136-145
Язык
Русский
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University