«БАЛА» КОНЦЕПТИНИН ЭМОЦИОНАЛДЫК-БААЛООЧУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ: КЫРГЫЗ ЖАНА АНГЛИС ТИЛДЕРИНИН ТИЛДИК ДҮЙНӨ ТААНЫМЫНДА
Бул изилдөө кыргыз жана англис тилдериндеги «бала» концептинин лингвокогнитивдик жана маданий өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө арналган. Макаланын актуалдуулугу “бала” түшүнүгүнүн эки тилдеги (кыргыз, англис) маданий аспектилерин терең изилдөөгө байланышкан. Ар кандай тилдерде жана алардын маданиятында “бала” концептинин баалоочу жана эмоционалдык мүнөздөмөлөрү ар түрдүү калыптанып, дүйнөнү кабылдоонун когнитивдик механизмдерин ачат. Бул изилдөө тилдеги баалоочу семантика теориясына, когнитивдик лингвистика методдоруна жана эмоциянын тилдеги ролуна таянып, бала түшүнүгүн кабыл алуунун маданий жана лингвистикалык негиздерин изилдөөнү максат кылат. Изилдөөнүн милдети – кыргыз жана англис тилдериндеги “бала” түшүнүгүнүн баалоочу маанилерин, когнитивдик механизмдерин жана эмоциялардын маданий өзгөчөлүктөрүн салыштыруу аркылуу аныктоо. Колдонулган методдорго баалоочу семантика теориясынын анализи, когнитивдик лингвистикалык изилдөө, салыштыруу, метафоралык которуу ыкмалары кирет. Изилдөө тил менен маданияттын өз ара байланышын жана «бала» түшүнүгүнүн коомдогу маанисин ачып көрсөтөт.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 4, С. 254-263
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University