КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МИГРАЦИЯ ТҮШҮНҮГҮН КОЛДОНУУДАГЫ АЙРЫМ АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР
Калктын миграциясы саясий, экономикалык жана социалдык институттардын трансформациясын шарттайт, социалдык теориялардын өнүгүшүнө, калыптанышына жана кайра каралышына өбөлгө түзөт. Миграция чөйрөсүндө гумандуу жана юридикалык жактан туура терминологиянын пайда болушу жана долбоорлоо темасы барган сайын актуалдуу болуп баратат. Өсүп жаткан жана тынымсыз өзгөрүп турган миграциялык мобилдүүлүк изилдөөчүлөрдөн жана практиктерден бул процесстерди так жана кылдат сүрөттөп берүүнү талап кылат. Учурда миграциялык изилдөөлөрдүн кыргыз тилдүү мейкиндигинде колдонулган аныктамалардын бирдиктүү семантикасы жок, бул кабыл алууда каталарды пайда кылат жана алар жөнүндө сөз кылууда миграциялык кубулуштардын маңызын бурмалайт. Бул макала миграциялык процесстердин лингвистикалык негиздерин талдоо, дүйнөлүк жана россиялык тажрыйбанын негизинде аларды сыпаттоо үчүн жеке аныктамалардын маанисин баалоо үчүн арналган.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 4, С. 244-253
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University