ТИКЕ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШКӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ: КЫРГЫЗСТАНДЫН МИСАЛЫНДА
Макалада тике чет өлкөлүк инвестициялардын жана Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн ортосундагы себептик байланыш Грэнджер тестинин жардамы менен талданат. Изилдөө үчүн 1995–2024-жылдар аралыгындагы маалыматтар колдонулган. Изилдөөнүн максаты — тике чет өлкөлүк инвестициялардын экономикалык өсүштү стимулдаштыруучу фактор катары маанисин баалоо жана инвестициялар менен өсүштүн ортосунда себептик байланыштын бар-жогун текшерүү. Жыйынтыктар экономикалык өсүш жаңы инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөрүн көрсөтүп, кайтарым байланыш бар экенин тастыктады б.а. макроэкономикалык кырдаалдын жакшырышы өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулата тургандыгын байкоого болот. Ошондой эле тике чет өлкөлүк инвестициялардын өсүштү стимулдаштыруудагы потенциалы изилденип, инвестициялык саясаттын натыйжалуулугун баалоого жана инвесторлорду мамлекеттик колдоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алынган маалыматтардын негизинде Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана инвестициялык жагымдуу климат түзүүгө багытталган инвестициялык стратегияны түзүү жана өркүндөтүү боюнча практикалык сунуштар берилет. Өзгөчө көңүл чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга жана инвестициялардан экономикалык кирешени жогорулатууга багытталган чараларга бурулат.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 4, С. 212-223
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University