Central AsianResearch Index

КЫРГЫЗСТАНДА ПРОГРАММИСТТЕРДИН КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН БААЛОО СИСТЕМАСЫ: АЗЫРКЫ АБАЛ ЖАНА КЕЛЕЧЕКТЕГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Изилдөө Кыргызстандын IT адистеринин кесиптик сапаттарын жана программалоо жөндөмдөрүн баалоо процессин терең изилдөөгө багытталган. Бул иш-чаранын негизги максаты — программисттерди даярдоонун баштапкы этаптарында алардын кесиптик сапаттарын жана жөндөмдөрүн объективдүү, көп кырдуу жана актуалдуу баалоо системасын иштеп чыгуу. Изилдөө программалоо сабактарынын ролун, теориялык жана практикалык билимдердин интеграциясын, ошондой эле заманбап IT тармагынын талаптарына ылайык жаңы баалоо ыкмаларын иштеп чыгуу маселелерин камтыйт. Бул максатка жетүү үчүн, программисттин компетенцияларын баалоонун динамикалуу жана көп тараптуу системасын түзүүнүн зарылдыгы баса белгиленген. Изилдөөдө тестирлөө, эксперттик баалоо жана практикалык тапшырмалар аркылуу адистердин даярдыгын баалоо ыкмалары каралат. Мындан тышкары, учурдагы билим берүү системасындагы кемчиликтер жана алардын жоюлуусу үчүн сунуштар берилген. Бул изилдөө Кыргызстандагы IT адистеринин кесиптик сапаттарын өнүктүрүү жана аларды даярдоо процессин жакшыртуу үчүн жаңы методикалык жана инструменталдык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.

Сведения

Опубликовано
2025 · № 4, С. 187-198
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University