СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН ЭЛЛИПТИКАЛЫК ТИПТЕГИ ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕ ҮЧҮН ДИРИХЛЕ МАСЕЛЕСИНИН ЧЕЧИМИНИН АСИМПТОТИКАСЫ
Макалада кичи параметрди лапласиан белгиси астында кармаган экинчи тартиптеги, эки өзгөрүлмөлүү, сызыктуу, бир тектүү эмес эллиптикалык типтеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдеме үчүн алкакта Дирихленин маселеси изилденет. Мындай маселелер физиканын, техниканын, биологиянын, химиянын ж.б. илимдердин тармактарында кездешет. Изилденип жаткан Дирихленин маселесинин өзгөчөлүктөрү: 1) кичи парметрдин лапласиандын операторунун белгиси астында катышып жаткандыгы; 2) алкактын ички четинде жоюлуучу өзгөчө айланага ээ болушу. Белгиленген өзгөчөлүктөр алкактын эки четиндеги айланаларда эки катмарды пайда кылат. Бирөөсү классикалык чектик катмарды, ал эми экинчиси – классикалык эмес чектик катмарды пайда кылат. Ошондуктан Дирихленин маселесинин чыгарылышы үч функциянын суммасынан турат: регулярдык тышкы чыгарылыш жана эки чектик катмарлардагы чыгарылыштар. Макаланын максаты каралып жаткан алкакта коюлган сингулярдык козголгон Дирихленин маселенинин чыгарылышынын бир калыптагы асимптотикалык ажыралмасын тургузуу. Макаладагы сингулярдык козголгон маселелерди чыгарылышынын асимптотикалык ажыралмаларын тургузуу үчүн жаңы алгоритм сунушталууда. Маселенин чыгарылышынын асимптотикалык ажыралмасы тургузулган жана анын калдык мүчөсү бааланган.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 4, С. 163-174
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University