Central AsianResearch Index

ТОКМОК ҮЙӨЗҮНДӨГҮ САЯК БОЛУШТУГУНУН АЛГАЧКЫ БАШЧЫЛАРЫ ЖАНА БИЙЛЕРИ (1868-1888-ЖЫЛДАР)

Бул макалада колониалдык мезгилдеги Түркстан генерал-губернаторлугунун Жетисуу облусуна караштуу Токмок үйөзүндөгү Саяк болуштугунун 21 жылдык саясий тарыхы баяндалат. Бул маалыматтар Кыргызстандын азыркы Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун жана ага чектешкен Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун 1868-1888-жылдардагы тарыхын чагылдырмакчы. Изилдөөнүн жүрүшүндө бул жылдары Саяк болуштугунда чекирсаяк уруусунун чоро уругунан, айрыкча жанболот уулдарынан үч жыл сайын болуштар шайланып тургандыгы аныкталды. Ошондой эле, бул болуштукта басыз, моңолдор урууларынын, чекирсаяктардын ыман уругунун өкүлдөрү жашап, алардын дагы өз бийлери шайлоолорго активдүү катышып тургандыгы билинип, ошол бийлердин аты-жөнү жана санжырасы такталды. Орусия империясы каратып алганга чейинки кыргыз уруу башчыларынын, мисалы Тайлак баатырдын уулу Осмон датка сыяктуу тарыхый инсандардын 1867-1868-жылдардагы административдик реформадан кийинки саясий турмуштагы ишмердүүлүгү дагы бул макалада каралмакчы.

Сведения

Опубликовано
2025 · № 3, С. 56-74
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University