Central AsianResearch Index

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТҮШТҮК АЙМАГЫНДАГЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ИШКАНАЛАРЫНЫН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

Бул макалада Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы кайра иштетүүчү ишканалардын экономиканын туруктуу өнүгүү шарттарындагы инвестициялык көрсөткүчтөрүнө аналитикалык талдоо, бул багыттагы илимий-теориялык изилдөөлөргө обзордук талдоо жана инвестициялык климатты жакшыртуунун боюнча изилдөөлөр жана сунуштар каралган. Изилдөөдө салыштыруу, аналитикалык, статистикалык материалдарды талдоо усулдары колдонулган. Изилдөөнүн максаты Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы кайра иштетүүчү ишканаларындагы инвестициялык көрсөткүчтөргө талдоо жасоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өсүшү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү реалдуу секторду, айрыкча кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө тыгыз байланыштуу. Айрыкча өлкөбүздүн түштүк аймагындагы (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары) кайра иштетүүчү ишканалар регионалдык өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири болуп эсептелет. Бул макалада түштүк аймактагы кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык көрсөткүчтөр, алардын динамикасы жана аларга таасир этүүчү факторлор каралат. Натыйжада, мамлекеттик деңгээлде инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвосторлорду колдоо үчүн атайын сунуштарды берилди.

Сведения

Опубликовано
2025 · № 3, С. 151-162
Язык
Кыргызский
Цитирований
2
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University