ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУУЧУЛАРДЫ ТАРБИЯЛООДОГУ ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАГЫНЫН ОРДУ
Бул изилдөөнүн максаты мамлекеттик мектептердеги окуучуларды тарбиялоодогу дене тарбия сабагынын орду жана коомчулуктун дене тарбия сабагына болгон көз карашын аныктоо болуп эсептелет. Изилдөөдө сандык изилдөө методдорунун ичинен скрнинг модели колдонулган. Изилдөөнүн фокус-группасын Ош шаарындагы мамлекеттик мектептерде окуган 50 окуучу түзгөн. Фокус-группаны тандоодо “кокустан тандоо” ыкмасы колдонулган. Дене тарбия сабагынын жалпы өзгөчөлүктөрү, предметтин керектүүлүгү, пайдалуулугу жана кээ бир элементтери боюнча мугалимдердин, окуучулардын, коомчулуктун ой-пикирлери изилдөөчүлөр тарабынан иштелип чыгып, анкета менен чогултулган. Изилдөөнүн жыйынтыгында, окуучулардын, мугалимдердин, коомчулуктун дене тарбия сабагына карата көз караштары жалпы мүнөздө позитивдүү экендиги белгиленген. Дене тарбия сабагынын максаты: балдардын туура билим алуусуна, адам болуп калыптануусуна, дени сак болуп жетилүүсүнө салым кошуу экендигин аныктап, мектептердеги спорт залдары, мугалимдин компетенттүүлүгү, кружоктордун аздыгы боюнча мүчүлүштүктөр бар экендиги аныкталган.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 2, С. 71-80
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University