МУГАЛИМДЕРДИН ЭМОЦИОНАЛДЫК КҮЙҮП КЕТҮҮСҮ: СЕБЕПТЕРИ, БЕЛГИЛЕРИ, АНЫ ЖЕҢҮҮ ЖАНА АЛДЫН АЛУУ ЖОЛДОРУ
Бул илимий макалада мугалимдердин эмоционалдык чарчоо феномени, анын негизги себептери, психологиялык жана кесиптик көрүнүштөрү, ошондой эле аны жеңүү жана алдын алуу жолдору каралган. Эмоционалдык чарчоо кесиптик стресстен келип чыккан психологиялык чарчоо жана мотивациянын төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Макалада мугалимдин эмоционалдык абалына таасирин тийгизген мугалимдердин эмгек шарты, социалдык басым жана кесиптик ишке болгон жогорку талаптар сыяктуу факторлор талданып, аныкталган. Макаланын илимий жаңылыгы мугалимдин ден соолугун жана кесиптик натыйжалуулугун сактоо багытында комплекстүү мамиле сунушталып, анда илимий булактардын жана жеке тажрыйбанын негизинде колдоо тутумдарынын маанилүүлүгү, жоопкерчиликтүү мамиле жана өзүн-өзү жөнгө салуу көндүмдөрү, аны жеңүү жолдору, бул абалды алдын алуу боюнча уюштуруу чаралары болуп саналат.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 2, С. 178-188
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University