Central AsianResearch Index

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ТЕОРИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ ЖАНА ТУРУКТУУ АГРАРДЫК ӨНҮГҮҮ ЖОЛДОРУ: КӨЙГӨЙЛӨР, МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ЖАНА СТРАТЕГИЯЛАР

Бул макалада Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча илимий теориялык негиздердин калыптанышы жана анын өнүгүү жолдору кеңири талданган. Айыл чарба – өлкө экономикасынын маанилүү тармагы болуп, дыйканчылык, мал таануу, агрономия сыяктуу негизги багыттарды камтыйт. Кыргызстандын айыл чарбасында азыркы учурда органикалык продукция өндүрүү, таза продукция менен эл аралык рынокко чыгуу маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда. Илимий изилдөөлөрдө комплекстүү ыкма колдонулуп, тарыхый-экономикалык анализ, салыштырмалуу изилдөө жана системалык мамиле аркылуу айыл чарбанын негизги көйгөйлөрү жана алардын чечүү жолдору иликтенди. Айыл жерлериндеги социалдык-экономикалык маселелер, материалдык-техникалык базанын жетишсиздиги, мамлекеттик колдоонун жетимсиздиги сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн дыйкандарды жана фермерлерди колдоо зарыл экени белгиленди. Мындан сырткары, фермерлерди жана дыйкандарды бириктирүү аркылуу аларды атаандаштыкка жөндөмдүү кылуу, таза жана органикалык продукция өндүрүү, экологиялык коопсуздукту сактоо максатында инновациялык технологияларды киргизүү маселелери да каралды.

Сведения

Опубликовано
2025 · № 2, С. 143-154
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University