Central AsianResearch Index

ИСЛАМ УКУГУНУН БАШКА УКУКТУК СИСТЕМАЛАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ

Ислам укугу Ислам келгенден кийин болжол менен эки жүз жылдык бир мезгилде өзүнүн негизги түшүнүктөрү, институттары жана принциптери менен пайда болуп, өзүнүн калыптанышын жалпы жонунан ишке ашырган. Пайда болушунда жана калыптанышында андан мурунку же аны менен замандаш болгон башка укуктук системалардын таасиринин болуп-болбошу тууралуу ар кандай көз караштар айтылган. Бул көз караштарды жалпысынан үч топко ажыратып изилдөөгө мүмкүн. Биринчи топко Ислам укугу Рим укугуна негизделгенин жактаган изилдөөчүлөр кирет. Экинчи топтогу изилдөөчүлөр Ислам укугу башка укуктук ситемалардан таасирленбегенин, тескерисинче башкалар андан таасирленгенин жакташат. Ал эми үчүнчү топтогу изилдөөчүлөр болсо, Ислам укугуна башка укуктук системалардын таасири анын келип чыгышы жана калыптанышына эмес, кийинки доорлордо өзгөчө коомдук укук чөйрөсүндө болгонун жана өтө чектелген деңгээлде калганын айтышат. Бул макалада Ислам укугунун башка укуктук системалар менен байланышы жогорудагы үч көз караштын негизинде каралып, өз ара таасирленүүнүн канчалык деңгээлде ишке ашканы изилденет.

Сведения

Опубликовано
2025 · № 2, С. 133-142
Язык
Русский
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University