Central AsianResearch Index

КАЙРА ИШТЕТҮҮ ИШКАНАЛАРЫНДА ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮКТҮ ОПТИМАЛДАШТЫРУУ УСУЛДАРЫ

Бул макалада изилдөөнүн предмети катары кайра иштетүү тармагындагы өндүрүүчү ишканалар жана алардын продукция өндүрүүсүнө кеткен чыгымдарды оптималдаштыруу усулдары каралган. Кайра иштетүү продукциялары өндүрүүдө аларга кеткен чыгымдар, жана өндүрүү каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылуусу өндүрүмдүүлүктү оптималдаштыруу болуп эсептелери белгилүү. Оптималдаштыруу маселелеринин бардык түрлөрүн чечүүнүн жалпы усулу катары математика болору да баарыбызга белгилүү. Изилдөөнүн негизги максаты кайра иштетүү өндүрүш тармагындагы ишканалардын продукция өндүрүүсүндө материалдарды жана чыгымды натыйжалуу пайдаланууну оптималдаштыруу жолдорун кароо болуп эсептелет. Макала экономикалык стратегияларды өркүндөтүү жана кайра иштетүү өндүрүшүн оптималдаштыруу усулдары аркылуу өнүктүрүү боюнча практикалык сунуштарды сунуштайт. Макаланын негизин кайра иштетүү ишканаларынын продукцияларын өндүрүүдө чыгымдарды натыйжалуу пайдалануу жана өндүрүмдүүлүктү оптималдаштыруу усулдарын пайдалануу түзүп турат.

Сведения

Опубликовано
2025 · № 1, С. 153-160
Язык
Кыргызский
Цитирований
2
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University