БАСМАЧЫЛАР КЫЙМЫЛЫНЫН БАШТАЛЫШЫНДАГЫ ПАНИСЛАМДЫК ЖАНА ПАНТҮРКЧҮЛДҮК ФАКТОРЛОР
1917-жылдын февраль төңкөрүшүнөн соң монархиядан республикалык башкарууга өткөн Убактылуу бийлик Түркстанда демократиялык процесстердин башталышына абдан ыңгайлуу шарттарды түзүп берди. Мурда түркстандыктардын тарыхында эч качан мындай саясий мүмкүнчүлүк болгон эмес. Саясий демократиялык процесстердин натыйжасында Түркстандагы жергиликтүү диний лидерлер аймакта башкаруу укугуна ээ болууга, абдан жигердүүлүк менен умтулгандыгын, бир топ тарыхый булактар айгинелеп турат. Анткени Түркстанда теократиялык (диний) формадагы мамлекеттик башкаруу идеяларын камтыган программалары, динге сугарылган жергиликтүү калктын калың катмары тарабынан колдоого алынган. Бирок, бул умтулууларды октябрда бийлике келген большевиктер тарабынан четке кагылып, алардын саясий уюмдашуусун катаал жол менен жок кылынган. Фергана өрөөнүндө узака созулган басмачылык кыймылдын келип чыгышына так ушул тарыхый оъективдүү жана субъективдүү себептер чоң рол ойногондугун, бир топ илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы тастыктап турат. Панисламдык жана пантүркчүлдүк факторлор Орто Азия аймагында Кеңеш бийлигине каршы 1918-жылдан 1930-жылдардын орто ченине чейин басмачылар кыймылынын идеологиясы катары доминанттык ролду ойногондугу талашсыз.
Сведения
- Опубликовано
- 2025 · № 1, С. 113-130
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University