ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЖАШТАР ЖАНА МИГРАНТТАР ПОЭЗИЯСЫНА САРЕСЕП
Макалада поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, ыр куроо, уйкаштык, мазмун, идея жактан төп келген ырларды жаратуу, поэзиядан өз ордун табууга аракет кылган жаш акындар тууралуу сөз болот. Ырды ыр кылган, терең ойго каныккан, философиялык мүнөздөгү ырлары менен кыргыз поэзиясынын жээгин ачып, жаңы образдар менен байыткан А.Осмонов, О.Султанов, Т. Муханов, С.Турсунбаевдердин ырлары, эмгектери сыпатталды. Ошондой эле кыргыз поэзиясында жакшылык катары аян аркылуу жаралган ырлар жөнүндө айтылат. Белгилүү адабий сынчы К.Асаналиев, М. Жумаев, К. Даутовдун, Т. Аскаровдун айткан сын-пикирлери анализденет. Жыйынтыктап айтканда, жаш акындар М.Ахимкожоев, Т.Мамбеталиев, А.Исмаиловдун ырлары лирикалык каармандын ой жоругу, ички сезими, турмушка болгон мамилеси турмуш чындыгын сүрөттөп, кыргыз поэзиясына чоң салымын кошуп жаткандыгы талданат.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 4, С. 269-278
- Язык
- Кыргызский
- Цитирований
- 1
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University