ДОКУМЕНТ БАШКАРУУ СИСТЕМАЛАРЫНДА КОЛДОНУЛГАН БЛОКЧЕЙН ТЕХНОЛОГИЯСЫ БОЮНЧА АДАБИЯТТАРДЫН СИСТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИЗИ
Санариптик доордо документ башкаруу процесстерин маалымат коопсуздугу жана бүтүндүгү сыяктуу көйгөйлөр коштоп келет. Бул маселени чечүү жолу катары блокчейн технологиясынын кеңири колдонулушу байкалууда. Блокчейн – чоң потенциалга жана артыкчылыктарга ээ болгон инновациялык мета технология. Бул изилдөөдө блокчейн технологиясынын документ башкаруу тармагына болгон тассири талкууланып, 2014-2024-жылдар аралыгында жазылган макалалар жана илимий публикацияларга систематикалык талдоо жүргүзүлдү. Изилдөөнүн көлөмү Web of Science жана Scopus базалары менен чектелип, акыркы он жылдын 517 макаласы изилденди. Изилдөөнүн жыйынтыктарында документ башкаруудагы блокчейн технологиясынын учурдагы абалы жана мааниси талкууланып, тиешелүү адабияттарда талкууланган артыкчылыктар, кемчиликтер жана көйгөйлөр белгиленди. Бул жыйынтыктардын негизинде окумуштуулар жана адистер үчүн керектүү боло турган бир нече изилдөө маселелери жана багыттары аныкталды.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 4, С. 164-177
- Язык
- Русский
- Цитирований
- 2
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University