МАДАНИЙ РЕВОЛЮЦИЯ ЖАНА АГАРТУУЧУ БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ
Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Кыргызстандагы көп тил билген, билимдүү жана жөндөмдүү жергиликтүү интеллигенциянын көпчүлүгү республикадагы жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалашкан. Алгачкы агартуучулар, мамлекеттик ишмерлер большевиктер ишке ашырууну пландаган калкты социалисттик курулушка тартуу боюнча социалдык-экономикалык маанилүү иш-чараларды, атап айтканда коллективизация жана индустриализацияны ошол эле учурда маданий революцияны ишке ашырууга эбегейсиз салым кошушкан. Алардын баары өз мекенинин өнүгүшүнө чоң эмгек сиңиришкендиги белгилүү. Ар бир тарыхый процессте инсандын жана анын ишмердүүлүгүнүн орду чоң. Бул макаланын максаты 1920-30-жж. маданий революциянын аткарылышына түздөн-түз катышкан агартуучунун ишмердүүлүгү аркылуу республикадагы маданият тармагында жүргүзүлгөн иштерди тактоо болуп саналат. Изилдөөнүн жыйынтыгында каралып жаткан доордогу маданий революциянын айрым аспектилери аныкталды жана Базаркул Данияровдун башка агартуучулардай эле көп тармактар боюнча маданий революцияга жигердүү кол-кабыш кылгандыгы айкындалды.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 4, С. 123-132
- Язык
- Русский
- Цитирований
- 2
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University