ТҮШТҮК КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 35 ЖАШТАН ЖОГОРКУ АЯЛДАРДЫН РЕПРОДУКТИВДҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН БУЗУЛУШУНА ЭКОЛОГИЯЛЫК, ӨНДҮРҮШТҮК ФАКТОРЛОРУНУН ТААСИРИН ИЗИЛДӨӨ
Бул макалада отуз беш жаштан жогору жана улгайган аялдардын репродуктивдик системасынын бузулушуна өндүрүштүк жана экологиялык факторлордун таасири, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы улгайган аялдардын ден соолугунун жакшырышы, анын ичинде кош бойлуу жана төрөт учурундагы кыйынчылыктарды жана түйүлдүктүн антенаталдык өлүмүн изилдөө каралат. Экологиялык жана өндүрүштүк факторлордун жалпы организмге, анын ичинде аялдардын репродуктивдүү системасына тийгизген таасирин изилдөө учурда медицина тармагында артыкчылыктуу деп эсептелинет. Макалада Айдаркен шаарынын 2019-2022-жылдардагы топурактагы сымап, метилсымап, мышьяк жана сурьманын орточо көлөмү, жалпы организмге тийгизген таасири, ошондой эле бул заттардын кош бойлуулукка, төрөткө жана түйүлдүктүн антенаталдык өлүмүнө тийгизген таасири жөнүндө маалыматтар жана жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун отчеттору келтирилген.
Сведения
- Опубликовано
- 2024 · № 2, С. 154-176
- Язык
- Кыргызский
- Цитирований
- 3
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University