Central AsianResearch Index

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН СТУДЕНТТЕРДИН ФИЗИКАЛЫК АКТИВДҮҮЛҮГҮН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА МЕТОДИКАЛЫК СУНУШТАР

Бул макалада ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин билим берүү системасындагы орду жөнүндө болмокчу. Мында студенттер орто, жогорку окуу жайларда билим алуусу, тарбиясын кандай жолдор менен өнүктүрүүгө болоору жазылды. Окутуу жана билим берүү программалары мүмкүнчүлүгү чектелеген балдар менен иштөөгө же айрым студенттердин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн атайн окуу программалары иштелип чыгып, анализ жүргүзүлгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелегн студенттерге инклюзивдик билим берүүдө балдардын баардык укуктарынын бузулушу алынып салынат, мугалим окутуу иш-аракетинде баардык балдарга бирдей мамилени камсыздайт жана ошол эле мезгилде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн өзгөчө шарттарды түзөт. Инклюзивдик билим берүүнү уюштурууда мугалим менен үй-бүлөнүн биргелешкен иш аракеттери өтө маанилүү. Мектеп менен ата-энелердин ортосундагы үзгүлтүксүз байланыш окутуу процессинде өзгөчө муктаждыкка ээ баланын билим алуудагы өсүүсүн камсыз кылат. Бул процессте мугалим жетекчи ролду аткарууга тийиш, ал биринчи кезекте ата-энелерге балага туура мамиле жасоо жана таалим тарбия берүү боюнча психологиялык-педагогикалык билимдерди берүүсү зарыл.

Сведения

Опубликовано
2024 · № 1, С. 120-126
Язык
Кыргызский
Цитирований
1
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University