Central AsianResearch Index

ТУРУКСУЗ СПЕКТРГЕ ЭЭ БОЛГОН СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН МАСЕЛЕНИН ЧЫГАРЫЛЫШЫНЫН АСИМПТОТИКАСЫ

Макалада бир тектүү эмес сызыктуу сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелер системасы үчүн баштапкы маселенин асимптотикалык чыгарылышын тургузуу маселеси каралган. Изилденип жаткан маселенин өзгөчөлүгү системанын сызыктуу бөлүгүнүн коэффициенти болгон матрицанын спектри каралып жаткан кесиндиде туруксуз. Тактап айтканда система өзөгөчө чечимге ээ. Система бири-биринен көз каранды болбогон теңдемелерден турат. Биринчи теңдемеде өзгөчө чекит бар, ал эми экинчи теңдемеде жок. Биздин максат ушул өзгөчө чекиттин таасирин изилдөө. Коюлган баштапкы маселенин чыгарылышы бир калыптагы асимптотикалык ажыралмасы жалпыланган чектик функциялар жана классикалык чектик функция методдорунун жардамында тургузулат.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 3, С. 65-72
Язык
Русский
Цитирований
2
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University