ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУДА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН РОЛУ
Бул макалада компьютердик технологиялардын билим берүүдөгү орду каралды. Биринчиден, билим берүү тармагына компьютердик технологияларды пайдалануу адамзаттын муундан муунга гана эмес, бир адамдан экинчисине билимди жана топтолгон технологиялык жана социалдык тажрыйбасын өткөрүп берүүнү кыйла тездетүүдө. Экинчиден, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар окутуунун жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу аркылуу адамдын айлана-чөйрөгө жана социалдык өзгөрүүлөргө тез ыңгайлашуусуна мүмкүндүк берет. Ар бир адамга бүгүнкү күндө да, келечектеги постиндустриалдык коомдо да керектүү билимдерди алууга мүмкүнчүлүк берет. Үчүнчүдөн, технологияларды билим берүүгө жигердүү жана натыйжалуу киргизүү маалыматтык коомдун талаптарына жооп берген билим берүү системасын түзүүнүн маанилүү фактору жана заманбап коомдун талаптарын эске алуу менен салттуу билим берүү системасын реформалоо процесси болуп саналат.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 3, С. 51-58
- Язык
- Русский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University