СТУДЕНТТЕРДИ ОКУТУУДА БАШКАРУУЧУЛУК ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Бул макалада жалпы жогорку окуу жайларында студенттерди окутууда башкаруучулук чечимдерди кабыл алуучулук көндүмдөрүн калыптандыруунун зарылдыгы жана учурда эмгек рыногундагы актуалдуулугу каралган. Жогорку окуу жайларында студенттерди, келечектеги мектептердин, өндүрүштүк ишканалардын, кызмат көрсөтүүчү ишканалардын ж.б. бардык эле мекемелердин башкаруучуларын окутууда кесиптик билимди берүү менен катар студенттерге башкаруучулук, уюштуруучулук жана башкаруучулук чечимдерди кабал ала билүүчүлүк көндүмдөрүн калыптандыруу замандын да, эмгек рыногунун да талабы болуп жатат. Себеби ар бир жогорку билимдүү жаран билимине, иш тажрыйбасына жараша жетекчилик кызматка баруусу толук мүмкүн. Менеджменттин теорияларына таянып башкаруучулук чечимдерди кабыл алуучулук көндүмдөр жогорку окуу жайларында студенттерди окутууда ар бир адистиктин билим берүү программаларында камтылуусу керектиги илимий методикалык негизде далилденди.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 3, С. 81-90
- Язык
- Кыргызский
- Цитирований
- 1
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University