Central AsianResearch Index

ТАРЫХЫЙ РОМАНДАР АРКЫЛУУ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН МЕКЕНЧИЛДИККЕ ТАРБИЯЛООНУН ПЕДАГОГИКАЛЫК ШАРТТАРЫ

Бул макалада тарыхый романдар аркылуу мектеп окуучуларын мекенчилдикке тарбиялоо. Бүгүнкү коомдун катастрофалык эң коркунучу бул жаштар, алар өз мекенин, жерин, тагдыр келечегин башка мамлекеттерде жашоо менен байланыштыруу аракеттеринен ачык байкалып, туруктуу тенденцияга айланып бара жатат. Бул коом экономикага байланыштуу убактылуу көрүнүш катары кабылдап, биз ага олуттуу маани бербей жатабыз. Бүтүндөй бир муундун көпчүлүгү өз келечегин чет мамлекеттен издеп, ошол мамлекеттин жарандыгын алууга негизги максат катары кабылдап жаткандыкттарын ачуу чындык катары кабылдоого аргазысбыз. Кыргыз коомунда окуучу жаштардын мекенге карата изги сезимдерин, ыймандык керектөөлөрүн, ынаным түшүнүктөрүн көндүм менен билгичтике айланган жүрүм –турумун калыптандырууга олуттуу ой чабыт жасап, реалдуу педагогикалык иш-чараларды ишке ашыруу өтө зарыл жана бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси катары айтылып келүүдө. Каралып жаткан бул макалада тарыхый чыгармалар адабият сабактарына ошондой эле бүтүн тарбия процессине таандык болуп жаткандыктан ошол эки локалдык чөйрөдө калыптанган окутуу, тарбиялоо методдорун, ыкмаларын биримдикте эске алууну шарттайт.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 2, С. 141-148
Язык
Русский
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University