ТАЛАС (АТЛАХ) САЛГЫЛАШУУСУНУН ТАРЫХЫЙ -МАДАНИЙ МУРАС КАТАРЫ ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК НЕГИЗДЕМЕСИ: ЖАҢЫ ИЛИКТӨӨЛӨР, КӨЗ-КАРАШТАР
Макаланын акталдуулугу Борбордук Азиянын тарыхы үчүн олуттуу из калтырган окуялардын бири – 751-жылдагы Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында болуп өткөн салгылашуу жөнүндө жаңыча көз караштар, иликтөөлөрдү ачууга аракет жасоо учурдун талабы. Орто кылымдардагы Улуу жибек жолунда орун алган ири шаарлардын бири болгон Атлах шаарынын чалдыбары учурда Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Манас районунун алкагындагы Жоон-Төбө айылында жайгашкан. Демек, бул тарыхый окуя жалаң гана Кыргызстан үчүн эмес, жалпы Борбордук жана Ички Азия, Сибирь, Алтай үчүн да терең из калтыргандыгы маалым. Андыктан макалада тарыхый ордун дагы тактоо үчүн кээ бир булактардын негизинде анализдер жүргүзүлдү.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 2, С. 115-121
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University