Central AsianResearch Index

“МАНАС” ЭПОСУНУН ИЗИЛДЕНИШ ТАРЫХЫНАН

"Манас" эпосунун үчилтиги – кыргыздын эки миң жылдан ашык тарыхый тажрыйбасы жана руханий жашоосун чагылдырылган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасы экени айтылат. Демократиялык түзүлүштүн бекем орношу ар бир инсандын ыйман ызатын сактап, кастарлап, ыйык тутушуна жараша болоорун "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгында баса белгиленип көрсөтүлүүдө. Салттуу руханий, адеп-ахлактык, жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыбына келтирүү, материалдык эмес маданиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты системалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин стратегиялык максаттарынын бирине айлануусу зарыл. Өзүнүн чыгармачылык салтын кыргыз эли бүгүнкү чейин сактап келди Оозеки салткка ээ болуу - “сабаттуулукка жете элек улут болуу” - дегенди түшүндүрбөйт. Оозеки салт бул сабаттуу улуттар жоготуп койгон маданияттын бир түрү. Бул макалада «Манас» эпосунун изилдениш тарыхын иликтөөгө көңүл бурулуп, муундан-муунга өтүп, эл оозунда айтылып сакталып келген “Манастын” манасчылар тарабынан айтылып, сакталып калуусуна көңүл бурулду.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 2, С. 107-114
Язык
Русский
Цитирований
2
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University