ЖОЖДО ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ИЧКИ РЕЙТИНГ АРКЫЛУУ БААЛООНУН МААНИСИ ЖАНА РОЛУ
Акыркы убактарда мамлекет тарабынан билим берүү тармактарына билим берүү гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө “илим-практикага, илим-өндүрүшкө” деген таризде өзгөчө салым кошуу тапшырмасы коюла баштады. Анткени, ЖОЖдун рейтингинин деңгээлине жараша өлкөнүн өнүгүү абалы, билим берүүнүн сапаты аныкталары айкындыкты жаратты. Албетте, жаш муундардын билим деңгээли өлкөнүн келечегин ачык аныктайт. Базар экономикасынын шартында жогорку окуу жайларынын системасы адистерди даярдоонун сапаты жөнүндөгү маселе өзгөчө маани берет. Заманбап окуу жайлардын кызматкерлери университеттин эң маанилүү ресурстарынын бири болуп, болочок адистерди даярдоодо ОПКнын деңгээлинин ролу зор. Ошондуктан, университетте ички рейтингге маани берүү зарылдыгы турат. Макалада жогорудагы маселелер каралып, ички рейтинг жана анын жыйынтыктары тышкы баалоого байланыштуу экенине басым жасалып, бир кафедранын ишмердүүлүгү талдоого алынды. Макаладагы сунуш-жыйынтыктар өлкөнүн, ЖОЖдун, кафедранын өнүгүшүнө салымын кошору аныкталды.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1, С. 68-76
- Язык
- Кыргызский
- Цитирований
- 1
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University