Central AsianResearch Index

БАТА БЕРҮҮНҮН ПРАГМАТИКАЛЫК МААНИСИ

Макалада бата берүүнүн прагматикалык мааниси жөнүндө сөз болот. Бата берүү күнүмдүк турмушубузда кеңири колдонулат. Кыргыз этносунун ой-туюмунда батага ишенүү, сөз күчүнө ынануу, андан таасирленүү, натыйжага жетүү ж.б. түшүнүктөр жашап келет. Бата ой кампабызда даяр формула катары жашайт. Айтылуучу учурда кырдаалга шартка жараша аткарылат. Бата прагматикасы дайыма кайталоо менен коштолот. Адресант адресатка бата тилөөдө бир нече императивдерди кайталап колдонот. Бата түзүлүшү жагынан ыр жана кара сөз түрүндө берилсе, ал эми колдонулуу өзгөчөлүгүнө карата жеке жана жалпы болуп бөлүнөт. Бата берүүнүн прагматикасы өзгөчө. Бата берүү төмөндөгүдөй тартипте аткарылат. Бата айтуучу же берүүчү жалгыз – бата алуучу да жалгыз, бата айтуучу жалгыз – бата алуучу көпчүлүк, бата айтуучу көпчүлүк – бата алуучу жалгыз, бата айтуучу көпчүлүк бирок бата алуучу көмүскөдө, жалпы көпчүлүктүн, жалпы көпчүлүккө бата берүүсү.

Сведения

Опубликовано
2023 · № 1, С. 132-140
Язык
Кыргызский
ISSN
1694-7452 · 1694-8610
Издатель
Osh State University