МЕЛИС АБАКИРОВДУН «КӨКӨЙКЕСТИ» РОМАНЫНЫН КӨРКӨМ ЭСТЕТИКАЛЫК АЧЫЛГАСЫ
Бул макалада жазуучу Мелис Абакировдун чыгармачылыгында жаӊычылдык тууралуу сөз болот. Ошондой эле, жазуучунун «Көкөйкести» романы талдоого алынып, андагы образдар системасы, каармандын мүнөзү, чыгармада көтөрүлгөн проблемалар анализденет. Бул романда адам баласынын реалдуу жашоо турмушу андагы инсандардын тынч агымы жана социалдык–тарыхый тенденциялары камтылып, көркөмдөлүп ачылган. «Көкөйкести» романы тууралуу адабиятчылар тарабынан айтылган сын-пикирлер, романдын жанрдык табиятында кеӊири баяндалат. Бир караган окурман үчүн кантип эле ушундай маанилүү, өзүнчө чоң романдык мазмун жана сюжет жаралсын деген ой, ишенбөөчүлүк жаралышы мүмкүн. Бирок, маселе окуяда эмес алсыз шартта калган адамдын ички дүйнөсүндө, бири-бирине жасаган мамилесинде болуп жатат. Булардын өз ара карым-катышы күндөлүк жашоо тиричилигинен башка эң негизгиси жалпы максатка, жалпы кызыкчылыкка байланышкан. Мында чындыгында жазуучу Мелис Абакиров өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөргө ширелген жаңычыл мүнөздөгү чыгарма жаратты деп ишенимдүү айтууга болот.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1, С. 127-131
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University