БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН СҮЙЛӨӨ КЕБИ ЖАНА АНЫН ӨНҮГҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Бул макалада башталгыч класстын окуучуларынын кебин калыптандыруудагы маанилүү милдеттердин бири катары оозеки кепти өнүктүрүү жана анын өзгөчөлүктөрү каралып, сүйлөө акыл-эс ишмердүүлүгүнүн негизи, баарлашуу каражаты экедигини тастыкталат. Окуучулардын салыштыруу, классификациялоо, жалпылоо жөндөмдөрү кеп аркылуу билимди өздөштүрүү процессинде калыптанып, ал өзгөчөлүк сүйлөө ишмердигинде да байкалаары эксперименттин корутундусунда да тастыкталып, жыйынтыкталгандыгы көрсөтүлгөн. Окуучунун логикалык жактан так, демонстративдик, образдуу оозеки жана жазма сүйлөөсү тажрыйбасы анын психикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналаары жана оозеки кебинин мазмуну менен формасы анын жашына, абалына, тажрыйбасына, темпераментине, мүнөзүнө, жөндөмүнө, кызыгуусуна, абалына жараша болуп, кептин жардамы менен окуучулар окуу материалын үйрөнүшүп, баарлаша тургандыгы белгиленет. Окуучулар кептин оозеки, жазуу жана башка түрлөрүн канчалык жигердүү өркүндөтсө, сөз байлыктары байып, алардын таанып-билүү жөндөмдүүлүгү жана маданияты ошончолук жогору боло тургандыгы белгиленет.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1, С. 97-108
- Язык
- Кыргызский
- Цитирований
- 1
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University